Бакыт Төрөбаев бийликтин мураскери менен да президенттик үчүн күрөшүүгө даяр. Кыска аралыкта чоң аброй топтогон «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев кечээ жакында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады.
Акыркы убакта болсо бийликтин президенттик такка мураскери ким болот деген айың кептер тарап, ар кандай божомолдор айтылып жатат. Бакыт Төрөбаевдин журналистгерге билдиришинче, тынымсыз эле бул маселенин айланасында сөз кыла берип, ашыкча саясатташтыруунун кажети жок. «КСДП «мураскерди» даярдайбы-даярдабайбы – алардын өз иши. Мени тынчсыздандырганы – бул БШКнын иш-аракети, шайлоо процессине соттордун жана прокуратуранын жасаган басымы. Коомчулуктун көңүлүн унушуга буруш керек. Эгерде шайлоонун тазалыгын камсыздай алсак, мураскер менен деле президенттик үчүн күрөшүүгө даярмын. Бирок бүгүнкү күндө бийлик каалаган адамын президенттикке сүйрөп келип отургузуп коё турган заман эмес, мунун арты кандай болуп калышы мүмкүн – баары түшүнүп турат», – деп айтты Б.Торобаев.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ