Тажикстанда жүздөгөн дарыканага административдик иш ачылды. Алар коронавирус пандемиясы маалында дары-дармек баасын негизсиз жогорулаткан деп айыпталууда.
Бирок фрамацевтикалык компаниялар күнөөлүү эмес экенин, эпидемия учурунда коронавируска каршы препараттардын дүң наркы жогорулап кеткенин билдиришүүдө.
Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин апрелдин аягында ырастаган. Ошол замат өлкөдө вируска каршы дарылардын баасы эселеп өсүп кеткен.
«Алсак, пандемияга чейин 70 сомониден (6,5 доллар) сатылып жаткан дарылар 600-700 сомониге (70 доллар) чейин кымбаттаган. Буга байланыштуу 2190 административдик иш ачылып, 130 кылмыш иши козголду», — деди өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон.
Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы бааларды негизсиз жогорулаткандыгы үчүн өлкө боюнча жалпысынан 50 дарыканага 100 миң сомониден ашык (10 миң долларга жакын) өлчөмдө айып пул салынганын кабарлаган.
Тажик бийлиги дары-дармек ташыгандар жана дүңүнөн саткандар да жазаланганын, айрымдары дисциплинардык жазага тартылып, кээ бирлерине айып салынганын билдирди.
Расмий маалымат боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 6967 кишиге жетип, 57 бейтап каза болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ