Кыргызстандын 4,5 млрд мамлекеттик карызынын 3,7 млрд долларын тышкы мамлкеттик карыз түзөт. Анын 1 млрд 712 млн долларын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Мындай маалыматты КРнын Каржы министрлиги билдирди.
Кыргызстанга кредит бергендердин арасынан экинчи орунда Бүткүл дүйнөлүк банкы – 649 млн доллар, андан кийин Азиялык Өнүгүү банкы – 563 млн доллар. Эл аралык кызматташуу жапон агенттигине 239 млн доллар төлөшүбүз керек болот.
Мындан тышкары Эл аралык валюта фонду – 147 млн, Түркия – 93 млн, Ислам Өнүктүрүү банкы – 91,4 млн доллар кредит берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ