Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Жерүй алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Тегерек столго Садыр Жапаровдун колдоочулары келип, сөз сүйлөштү. Алардын бири “Жер үй” алтын кеннин жаап, 30 жылга мораторий жарыялоону сунуш кылды. Отургандар кол чаап, колдошту.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ