Сокулук райондук ИИБнын кызматкерлери 5-январь күнү аймактык оорукананын жанынан аялдын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, аялдын денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес.
Өзгөчө белгилери: болжол менен 55-60 жашта, арыкчырай, чачтары ак.
Кийимдери: боз түстөгү пиджак, спорттук куртка, боз түстөгү кофта, жылууланган кара түстөгү спорттук шым жана бутунда кара угги.
Чүй ОИББи каза болгон аялдын өздүгүн тактоо үчүн коомчулук жардам сурайт. Таанып билгендер болсо, Сокулук ОИИББнын нөөмөт бөлүмүнө 0-3132-5-33-80, 0312 60-75-67, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ