Menu

Видео – Марс Сариев, саясат таанучу: “Кыргызстанды ар кандай саясый технологияларды иштеп чыгып, текшерип көрө турган лабораторияга айлантышты”

Бөлүшүү:

Саясат таанучу Марс Сариев өзүнүн 5-каналга берген маегинде Кыргызстан кандайча лабораторияга айланып калганын айтып берди:

“Аскар Акаевдин заманынан бери карай Кыргызстан ар кандай технологияларды иштеп чыккан эл аралык лаборатория болуп келди. Биз биринчилерден болуп рубль мейкиндигинен чыктык, биз өзүбүздү демократиянын “үлгүсү” катары көрсөтүп, ошол демократияны жайылтуу үчүн Батыштан миллиарддаган долларларды алдык, өзүнчө эле өзүбүздү үлгүлүү мамлекет катары көрсөтө баштадык. Ал кезде Мадлен Олбрайт АКШнын мамкатчысы болчу, бирок ошондогу миллиард доллардын азыр ээ болгон сөз эркиндигин орнотконго канчасы гана кетти? Калганы ар кайсыл кландардын чөнтөгүнө түштү, бул акчаларды кыргыз элитасы өз муктаждыгына коромжу кылды.

Мындай абал Грузияда дагы болгон, алар Батыштан акча алып, Михаил Саакашвили таасирдүү реформаларды жүргүзө алды. Ал жакта кадам артынан кадам жасалды – үлгү түзүп, аны жайылтуу керек болгон.

Бирок Азияда бул ыкма иштебейт экен. Менимче, азыр да Кыргызстан кандайдыр бир лабораториялык аянтчага айлангандай, кандайдыр бир инженерлик мамиле иштелип чыгып жаткандай, бирок мамлекеттик органдарда олтурган биздин аналитиктер кандай ыкмага туш болгондорун таптакыр түшүнбөй жаткансыйт…

Нааразычылыктарды иретсиз башкаруу жүрүп жатат

Reакциянын митингдери абдани жакшы уюштурулган, ураандары менен плакаттары түз бутага тиет, митингге флеш-моб моделинде чогулуп жатышты, бул жаштардын көз карашын билдирүү катары көрсөтүлдү, эч кандай штабы жок, бир гана коррупция менен күрөшүү тилеги айтылып турду…

Эч кандай штабы болбосо, эл флеш-моб түрүндө чогулуп, өз пикирин билдирип жатса, бул иретсиз башкаруу деп аталат, бирок иретсиз башкаруу – бул дагы инженерлик ыкма сыяктуу башкарууга жатат…

Бул эң жаңы ыкма, менимче, эки митнгден кийин бийлик ойлонуп калды. Равшан Жээнбековдун камалышы, жаңы элчилердин дайындалышы, медиадагы ири оюнчуларды жолдон чыгаруу аракети, менимче, – бул жаңы технологиялар менен жаңы чакырык таштоолордон улам бийлик өзүн жоготуп койгондой. Биз мындайды Украинадан, Еревандан, Тбилисиден көргөнбүз, ал жактарда мындай штабы жок, бардыгын уюштурган конкреттүү кишилери жок иретсиз башкарууга кандай ыкма колдонууну билбей калышкан…

Азыр, мениче, бийлик бардыгына акыл калчап, негизги каармандарды саясый сахнадан алып таштоого аракет кылып жаткандай, бирок мындай мамиле жардам бере албайт, анткени таптакыр башкача жаңы технологиялар колдонулууда. Жакынкы арада, күн жылый түшкөндө, март-апрель менен кайрадан митингдер башталат деп ойлойм, балким таптакыр башкача жаңы технологияларга туш болобуз, анын бардыгы Украинада, Арменияда, ага чейин Грузияда текшерилген…

Булак: “5 канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: