Ош облусундагы Ноокат районуна жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жаңы көпүрөнүн ачылыш аземи кечээ, 21-январда, Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы Кыр-Кол сайында болуп өткөн. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедов катышып, жергиликтүү тургундарды жаңы көпүрөнүн ачылышы менен куттуктап, курулуштун тарыхына токтолгон.
«2019-жылы жергиликтүү жаран тарабынан Ноокат районундагы Кыр-Кол сайына жаңы көпүрө куруп берсеңиз, жаш балдарыбыз коопсуз жол каттамына ээ болмок деп кайрылды эле. Абалды жеринде көргөндөн соң, чындыгында бул жерге тез арада жаңы көпүрө куруу муктаждыгы бар экени көрүнүп турду. Мына бүгүн элдин колдонуусу үчүн ушул көпүрөнү тапшырып жатабыз», – деген министр Н.Мирзахмедов.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган жаңы көпүрө 3 млн 155 миң сомго курулуп, узундугу 72 метр, туурасы 1,5 метрди түзгөн. Бул көпүрөнү 200дөн ашуун кожолук, айыл окуучулары коңшу айылдагы мектепке баруу үчүн колдонушат. Курулуш иштери 2019-жылдын ноябрында башталып, ушул жылдын январында бүткөрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ