Menu

Искендер Матраимов: “Бул абсурд башында бизди бир аз чочутту эле. Азыр жылмаюу гана жаратат”

Бөлүшүү:

Депутат алардын үй-бүлөсү эч качан “интернет-троллдорго” акы төлөбөгөнүн айтты. Анын айтымында, кемакыл кишилер гана фейк аккаунттарга буйрутма берет экен.

Коомчулукта жана соцтармактарда Матраимовдор кээ бир ММКларды каржылап, соцтармактардагы “фейктер” менен “троллдорго” акча берип турат деген айың кептер тараган. Бул боюнча депутат Искендер Матраимов ММКлар менен соцтармактарга буйрутма берип иштешип келишкени боюнча суроого журналисттерге мындай деди: “Бул суроо менин боорумду эзчү болду. Эгерде биз ММКларды каржыласак, анда биз туш-тараптан күнөөлөшпөйт эле. Биздин аты-жөнүбүздү жазып, интернеттен издеп көрсөңөр, биз жөнүндө эмнелер чыгып жатканын көрөсүңөр. Ушак артынан ушак, бир макала экинчисинен ашып түшөт. Бул абсурд кеңири жайылып, башында бир аз бизди чочутуп да койгон. Бирок азыр аргасыз жылмаясың. Бүгүнкү күндө алдыңкы ММКлардын фантазиясы ушунча ашып-ташып кетиптир, кээде тамашасы ушундайбы деп каласың. Же башка бир дүйнөдө жашап жатышабы? Кызыгы, эч ким биз ким экенибизге кызыгып да койбоду. Бир чет элдик портал гана англис тилинде тең салмактуу материал берди. Алар бир аз биздин үй-бүлө жөнүндө тереңирээк билгенге аракет кылып көрүшкөн”.

И.Матаримов өзүндө дагы, анын туугандарында дагы менчик ММКлары жок экенин билдирди.

“Тескерисинче, ким жаңы долбоор түзүп, журналистикадагы жаңы жылдыздарды чыгарып жаткандар деле биздин үй-бүлө жөнүндө жазуу менен алек, – дейт депутат, – Кыргызстанда бизден башка тема калбай калган көрүнөт. Бирок, байкасам, ушунча көп ММКлардын арасында нейтралдуу порталдар дагы бар экен, эч жагына тартпай, маалымат берип келишет. Кээ бир гезиттер бизди колдоп жазганын да байкап калдым. Эми алар өз көз карашын билдирип жатышса керек да. Бирок, белгилеп кетейин, биздин үй-бүлө үчүн бирөөнүн пикирин сатып алуу – кемсингенге барабар. Эгерде биздин тарапташтар пайда болгон болсо, анда алар медиа мейкиндигиндеги маалыматтыктык өзүм билемдикти көрүп, өз демилгеси менен пикирлерин айтып жатышса керек.

Мунун менен катар депутат “троллдор” ким экенин билбей турганын айтты.

“Мен көптөн бери фейк аккаунттардын активдүүлүгүнө көз салып келем. Дал ошолор биз жөнүндө ыплас нерселирди жазып жатышат. Бирок фейктер коомдук пикирге таасир бере албайт. Кемакылдар эле аларга буйрутма берет деп эсептейм”, – дейт Искендер Матраимов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: