Кечээ, 31-март күнү Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 30-32-чакырым аралыгында таш кулоо коркунучу пайда болгон. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнин Баткен районунун бөлүмүнүн башчылыгында Баткен райондук №26 Аскерлештирилген өрт –куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №3 Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жерине тартылып коркунуч жараткан таштарды түшүрүп, жолду тазалашкан. Жалпы жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнен 35 куткаруучу тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ