Белгилүү фотограф Иван Турковский Бишкектеги 7-кичирайонун кыргоолду көрүп таңгалып, сүрөткө тартып алды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Ал: «Кыргоолду биринчи жолу бир ай мурун көргөм, бүгүн дагы пайда болду, аны көргөн көзүмө ишенбей турам. Болгондо да Бишкектеги 7-кичирайондогу үйүмдүн алдынан көрүп атам. Аны менден башка эч ким көргөн жок окшойт. 30 метр алыста балдар селкинчек тээп, чоңдор өз иштерин бүтүрүүгө шашып жатышкан», – деп жазды фотограф.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ