Жалал-Абад облусунда өзгөчө абал учурунда жалпысынан өспүрүмдөр арасында 9 кырсык катталды. Анын ичинен 3 кичинекей бала сууга агып кетип, экөөнүн денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде онлайн-брифингде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.
Маалымат жыйында комендантка “Өзгөчө абал режими үй-бүлөлөргө канчалык деңгээлде таасирин тийгизди? Анын ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда абал кандай?”,- деген суроо берилди.
“Бул өзгөчө абал убагында бир топ үй-бүлөлөрдө, алардын ортосундагы мамилелерде бир топ терс көрүнүштөр болду. Айрыкча үй-бүлөлүк зомбулук катары биз облустун аймагында 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин 61 факты каттадык. Андан дагы өкүнүчтүүсү, биз дайыма ата-энелерге балдарыңыздар менен мүмкүн болушунча үйдө отуруңуздар, аларга тарбия берип көбүрөөк көңүл буруңуздар деп айтканга карабастан тилекке каршы, ата-эненин кайдыгерлигинен өзгөчө абал учурунда жалпысынан өспүрүмдөр арасында 9 кырсык катталды. Анын ичинен 3 кичинекей бала сууга агып кетип, экөөнүн денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди. Тилекке каршы ушуга окшогон өкүнүчтүү окуялар болду. Дагы бир жолу ата-энелерге кайрылып кетем. Ушул кыйын учурда балдарга көз салып, окууларына жардам берип, үйдөн чыгарбоого аракет кылыңыздар”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ