Menu

Кылмыштуу топтун мүчөсүн колдоп жаткан УКМК кызматкери Салмоорбекпи?

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИББне караштуу, Ленин райондук милициясынын үч кызматкерине карата 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 305-1 («Кыйноо»), 324 («Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу») беренелери менен кылмыш иши козголгону маалым. Милиция кызматкерлеринин айтымында, арызды уюшкан кылмыштуу топко мүчө, 28 жаштагы жаран жазган. Бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматындагы адамдар менен милицияда иштегендердин өз ара талашынын негизинде ачылганын, ойдон чыгарылган айыптоолор коюлуп жатканын милиция кызматкерлери билдиришти. Милиционерлер аны эгемендик майрамынын алдында кезектеги профилактикалык сүйлөшүүгө чакырышканын, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал коё берилгенин билдиришти. Денесинде эч кандай залал келтирилбестен, сопсоо болгонун, арызданган адам жалган жалаа жаап жатканын айтышууда. Керек болсо милиционерлер анын бөлүмгө келип кеткен учуру видеодо бар экенин, далилдери жетиштүү экенин айтып жатышат. Алар экспертиза жыйынтыгы да шашылыш чыгарылганын, денедеги көгала атайьшап жасалганын, чукул арада экспертизанын тьшнагын чыгаруу мүмкүн эместигин белгилеп, алар куч органдарында иштегендердин тирешинин курмандыгы болуп жатканын божомолдошту. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ОПТ мүчөсүн милицияларга каршы УКМКнын Жумабеков Салмоорбек Сабырбекович деген кызматкери шыкактап жатыптыр. Бул жигит туурасында журналисттик иликтөөбүздү баштадык. Ким, кайдан, эмнеге деген сыяктуу. Балким УКМКнын өзүнөн да официалдуу жооп бошоор…

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: