Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден 64 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды.
Маалыматка ылайык, ал аял ушул батирде жалгыз жашап, ичкиликке берилип кеткен.
Маркумдун коңшулары дененин жыты чыгып жатканын сезип, милицияны чакырышкан.
Бул тууралуу милицияга 14-сентябрь күнү саат 16: 48де маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жөнөп кетишкен. Акыркысы батирдин эшигин ачып, анда зордук-зомбулук көрсөткөн өлүм белгилери жок аялдын сөөгүн табышкан.
Ошондой эле, соттук-медициналык эксперттер денени текшерип, эч кандай жаракаттарды тапкан жок. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Укук коргоо органдары каза болгон аялдын туугандарын аныкташты, алар маркумдун ким экендигин билдиришти. Ал 1956-жылы туулган Т.Т. болуп чыкты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ