Menu

Журналист кыз рейд учурунда транссексуалдардын ур-токмогуна кабылды

Бөлүшүү:

Бишкекте Radar.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Карачач Шакирова ур-токмокко кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди.

Айтымында, патрулдук милициянын рейдин чагылдырып иштеп жатканда транссексуалдардан жабыркаган:

– Мага транссексуалдар кол салды. Милицияны чакыртышкан жерге барсак, ал жакта мастар калайман ызы-чуу кылып жатышыптыр. Милиция кызматкерин көргөндө эле бирөө, эркекпи же аялбы, түшүнө албадым, аны уруп-сабай баштады. Эки үч наряд кошумча чакыртышты. Кошумча күч келгенче бизди сабашты. Менин камерамды сындырышты, үстүмдөгү көйнөгүмдү тытып, моюнумдагы чынжырчамды, кулагымдагы сөйкөмдү жулуп ыргытышты, аларды издегендей да боло алган жокмун. Башыма таш тийиптир. Азыр 4-ооруканадамын. Мээм чайкалыптыр, денем көк ала.

Шакированын айтымында, окуя өткөн түнү Бишкектеги батирлердин биринде болгон. Ал Ленин райондук милициясына арыз жазганын кошумчалады.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, бул иш боюнча алты адам кармалып, бейбаштык беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери башталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: