Menu

Президент Жээнбеков 24.kg агенттигине каршы айып пулдан баш тартты

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартты. Мындай маалыматты аталган агенттиктин негиздөөчүсү Асел Оторбаева “Азаттык” радиосуна ырастады.

Анын айтымында, президент Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, агенттиктен талап кылган 5 миллион сомдук доодон баш тартарын билдирген.

Анын негизинде иш кыскартылган. Сот аткаруучулар бул боюнча 24.kg агенттигине маалымат берген.

Бирок президент ушул эле сайтка чыккан макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызын чакыртып алган эмес.

“Азырынча маалымат агенттик төлөй турган гана айып пулдан баш тартты”, – деп билдирди Асел Оторбаева.

Былтыр сентябрда “24.kg” сайтына Кабай Карабековдун “Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат” деген макала чыккан. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы “ушак жана жалган жалаа” деп сыпаттап, сотко кайрылган.

Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен “24.kg” агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту алардын талабын канааттандырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: