Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюшту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Эске салсак, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: