Ишемби, 1-июлда Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу “Шор Булак” айылында “Аалам” саясий партиясынын республикалык конференциясы жана 10 жылдык мааракеси өткөрүлдү.
Конференцияга өлкөнүн 7 областынан келген делегаттар жана меймандар катышты. Партиянын лидерлери Арсланбек Малиев жана Жылдызкан Жолдошева жетектеген конференциянын катышуучуларына 40 боз үй тигилип, сый көрсөтүлдү.
“Манас Ордо” коомунун жетекчиси Анарбек Усупбаев сөз сүйлөп: “Малиев таза саясатчы, биз, Талас эли Малиевди Президенттикке талапкерлигиңди кой деп суранып жатабыз” деди. Ушундай эле сунушун коноктордун бири катары келген коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирип, “Президент боло турган акыбалдасың, талапкерлигиңди кой” деди. Андан сырткары конференцияда Малиевдин биринчилерден болуп “Кумтөр” маселесин көтөргөндүгү да айтылды. Бекназаров өз сөзүндө дал ушул “Кумтөр” жөнүндө кеп козгоп, Арсланбек Малиевге “Президент болуп “Кумтөрдү” сен чечпесең, ал маселе чечилбейт” деп кайрылды.
Конференциянын соңунда катышуучулар Арсланбек Малиевге ак бата беришип, чепкен жабышып, атка мингизишип, президенттикке аттантышты.
Элдар Ибраимов
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ