Menu

Өзбекстанда мектеп директору окуучуларды Орозо тутпоого мажбурлоого айыпталууда

Бөлүшүү:

Наманган облусунун Варзик шаарчасынын №19 мектебинин директору Низомжон Жураев окуучуларды Орозо тутпоого мажбурлаган деп айыпталууда. Бирок мектеп директору муну жалган жалаа катары сыпаттады.

Жергиликтүү басылмалардын бири Низомжон Жураев 6, 7, 8 жана 9-класстын окуучулары эртең менен тамактануудан баш тартканын көрүп, алардын оозун ачууга мажбурлаганын жазды. Окуучулар талапты аткаруудан баш тарткан соң, класс жетекчилер 60тай баланы мектеп ашканасына чогултуп, суу ичүүгө мажбурашкан.

№19 мектептин директору Низомжон Жураев айыптоолорду четке какты. “Мындай окуя болгон жок. Мектепте жатып окуган окуучулар эртең мененки тамактан баш тартышкан. Алар менен орун басарым жолугуп, биринчи кезекте ток болуп, билим алуу керектигин айткан. Биз аларга ден соолуктарына кам көрүп, билим алууга көңүл буруу зарылдыгын түшүндүрдүк”, –деди Низомжон Жураев.

Ал адистештирилген мектепте Орозо кармоо үчүн шарт жок экенин, мындан улам окуучулар кыйналып жатканын кошумчалады. Окуу жайдын талабы боюнча окуучулар кечки саат 10дө жатып, эртең менен 6да турушу керек.

Ал мектеп жетекчилиги балдардын саламаттыгы үчүн жооп берерин, мындан улам ачкалыктан алы кеткен балдарды сабакка киргизүү туура эмес экенин белгиледи. “Рамазан айына каршылыгыбыз жок. Эгер окуучулардын ата-энелери баардык жоопкерчиликти өзүнө алса, биз алардын Орозо тутушуна каршы эмеспиз”, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: