Кечээ, 5-июнь күнү КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу комплекстүү окуу корпусу менен таанышты. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт.
Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, медресенин мүдүрү Абдырахман кары Атабаев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Абдырахман кары Атабаев медресенин түптөлүш тарыхы жана имараттын курулуш долбоорлору боюнча маалымат берди. Ошондой эле имараттын ичиндеги окуу жана компьютердик класстары, тигүү жана ашпозчулук кааналары, жатакана бөлмөлөрү жана жууну үчүн түзүлгөн заманбап шарттары менен тааныштырды. Медресенин кыздар бөлүмүнүн заманбап шарттарына күбө болгон Өкмөт өкүлү Таалай Сарыбашов аткарылып жаткан иш-аракеттерге жогорку баасын берип, келечекте медреседеден коомго пайдалуу, адеп-ахлагы бийик уул-кыздар тарбияланып өсүп чыгуусуна тилектештигин билдирди.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган медресесинин кыздар үчүн жаңы окуу корпусунун жатаканасы бир убакта 70 окуучу кыз жашоого ылайыкташтырылып курулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ