Menu

Нурлан Садыков, адвокат: “Осмонбек Артыкбаевге карата Свердлов райондук соту негизсиз жана мыйзамсыз өкүм чыгарган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-январда, Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Соттук отурумда, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Нурлан Садыков Свердлов райондук соту негизсиз жана мыйзамсыз өкүм чыгарганын баса белгилеп,  Осмонбек Артыкбаевдин кылмыш ишинде эч кандай далили жоктугун айтты. Анын айтымында, соттук акты да, айыптоочу корутундуда да анын карьералык өсүшү, ал кандай пайда тапканы көрсөтүлгөн эмес. Ага карабай сот ага карата максималдуу айып төлөө тууралуу өкүм чыгарганын билдирди.

Эске сала кетсек, 2019-жылы, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Осмонбек Артыкбаев 303-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) менен күнөөлүү деп табылып, ага 5 млн сом айыппул салынып, камакка алуу чечими жокко чыгарылып, сот залынан бошотулган. Ал эми экс-премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга сот эркинен ажыратып, мурдагы  мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айыппул салган.

Булак: KyrgyzToday.kg 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: