Жогорку Кеңеш бир «Лексус-470» унаасын оңдоого 254 миң сом сарптай турган болду. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталынан белгилүү болду. Аталган машина заводдон 2003-жылы чыгарылган. Анын алдыңкы тетиктери жана терезелери алмаштырылат. 254 миң сомдун ичинде кызмат көрсөтүүчү адистин кызмат акысы да бар. Бул акча мамлекеттик бюджеттен каралууда. Буга чейин парламент атка минерлерге бюджеттик каражатка автоунаа жана эмерек алууга тыюу салган болчу. Ал эми бул маселе өздөрүнө келгенде, албетте мыйзам иштебей калат…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ