Menu

Видео – Гүлмира Жаркынбаева: «Менин баламды өлтүрүп, өрттөп жиберген мыкаачыларды Астаркулов деген сот актап, залдан бошотуп жиберди”. Президентке кайрылуу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-октябрда, эртең менен мындан үч жарым жыл мурун (2016-жылы, июнда) киши колдуу болуп каза болгон Токмок шаарынын тургуну Жакшылык Дүйшөналиевдин иши Токмок шаарындагы сотто каралып, сот шектүүлөрдү актап, залдан бошотуп жиберген.

Соттун мындай чечимине нааразы болгон жабырлануучулар: маркумдун апасы Гүлмира Жаркынбаева менен карындашы Жамила Жаркынбаева ушул эле күнү түштөн кийин, атайы Бишкекке келип журналисттерге  жыйын өткөрүштү. Алар соттон акыйкат өкүмдү үч жарым жыл күткөндөрүн, аягында алданып калышкандарын айтып, көздөрүнө жаш алышты.

Маркумдун апасы Гүлмира Жаркынбаева буларды айтты: “Негизи өкүм кечээ, 10-октябрда Токмок шаарындагы сотто угулмак. Эл көп келген, «өкүмдү эртең, 11-октябрда эртең мененки саат тогузда угузабыз” деп сотко келген элди сот таратып жиберген. Анан бүгүн айткан убакка келсек, убактысы менен сот башталбай эки саат күттүрүштү. “Убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу жана бул иш толук далилденбегенине байланыштуу”,- деп өкүмдү окуп баштаганда эле биз аягына чейин окутпай чыр чыгардык. Себеби алардын акталаарын билдик. Сот өзү да кабинетине качып кирип, жашынып отуруп алды. Андан кийин ИВСке кире качты. Залга толтура милициялар кайтарып турду. Эгерде ал сот ак болсо, анда антип качпайт эле да. 9-октябрда, алдын ала Бурулсун Чылпакбаева менен беттешүү болгон. Ошондо ал: “Мен бу жерден чыгам, анан мени сен өлтүрөсүң, ошондо менин ордума сен отурасың”,- деген. Чылпакбаеванын бул сөзүн ал жердеги адвокат, прокурор баары, бүгүн аларды актап жиберген сот Астаркулов да уккан. Демек, чыгаарын билип туруп айтыптыр да бу сөздү. Булардын билгенин бүгүн билип отурам. Себеби дагы бир шектүү Бекиш уулу Тургунбек да кычыраган көйнөк, туфли менен чыгып кетти. Бул экөө менин баламды өлтүргөнү аз келгенсип, өзүнүн машинасы менен өрттөп, капчыгайга түртүп жиберишкен. “Баламдын жаны кантип чыкты экен? Тирүүлөй өрттөштүбү же кандай кылды?»,- деген суроо жүрөгүмдү өйүп келген”,- деп көзүнө жаш алды.

Аягында соттун мындай адилетсиз. акыйкатсыз чечимине нааразы болуп аргасыздан журналисттер аркылуу президентке, премьер-министрге, ЖК депутаттарына,  Жогорку Сотко кайрылуу жасады.

Жабырлануучунун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: