Эртең, 29-сентябрда «Энесай» суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүгө жана кыш мезгилине даярдыктарды көрүү үчүн суу түтүктөрдү оңдоого байланыштуу, саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында суу өчөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинде:
1. №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
2. Орхон көчөсү 2, 2а, 4 дарегиндеги бала бакчада;
3. №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгында;
4. №20 китепканада;
5. №7 участкалык милиция пунктунда;
6. «КУТ МонтажСтрой» компаниясында;
7. Дордой-17 көчөсү, 20А дарегиндеги «Ак-Илбирс»;
8. «Дордой» базарындагы №6 участкалык милиция пунктунда;
9. «Бегимай-Дордой» бала бакчасында;
10. Свердлов районунун Коомдук-профилактикалык борборунда таза суу берүү токтотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ