Menu

Учурда Бишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтүүдө…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-январда, Бишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкө чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашмай болгонун жана ал боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн болоорун кечээ, 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Жениш Разаков билдирген.

Кыргыз тараптан берилчү жерлер аныкталганы менен Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт, анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганынан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга жайгаштырылган. 11-январда Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана “Ээнбаштык” беренелери боюнча айыпталып, камалган. Алардын туугандары, айылдаштары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү аларды чыгарууну талап кылып, эки ирет (13 жана 15-январда) Ак үйдүн алдына пикетке чыгышкан. 17-январда 4 баланын (Нурбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев, Улукбек Сапарбаев) экөө үй камагына чыгарылган.

10-11-январда чек ара чырынан кийин эки тарап жолугуп, алты пункттан турган протоколго кол коюшкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: