Индиянын Модаса шаарында чоңойгон 17 жаштагы Ниланши Патель өспүрүмдөр арасында эң узун чачтуу кыз катары Гиннесс китебине кирди. Кыз өзүнүн 2018-жылдагы рекордун баса алды. Андан бери чачы 20 сантиметрге өскөн.
Ниланши алты жашында чач тарачка барып, жаман кыркып койгонунан улам экинчи чачына кайчы тийгиздирбегенге убада берген.
Чачын тараганга бир саат убактысы кетет, жумасына бир жолу жууп турат, жарым саат кургатат. Көбүнчө өрүп жүрөт. Чачы жерге сүйрөлбөсүн деп узун така кийип алат экен. Чачын дале өстүрө берүүгө даяр экендигин айтууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ