Menu

Фото – Ошто жасалма долларлар менен чет өлкөлүк жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаарында жасалма акча менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-январь күнү билдирди.

Январь айынын башында ИИМдин Оштогу Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине ири суммадагы жасалма акчаны таратууну көздөгөн кылмыштуу топ ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Ош облусунун тергөө кызматы тарабынан КРнын жазык кодексинин 225-беренесинин 2-б. (ири көлөмдөгү  акча жана баалуу кагаздарды жасоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө январь айынын ортосунда жасалма доллар менен  Ош шаарынан 30 жаштагы Б.З. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалган. Аны текшерүү маалында бут кийимине катып алган 500 доллар табылган.

Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында купюралар жасалма экендиги аныкталган.

Ал Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттук чечими менен кармалган жаранды камакка алуу боюнча  баш коргоо чарасы кабыл алынган. Учурда сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: