Аламүдүн РИИБисинин, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жана бажы кызматынын кинологдору Чүй облусунда жайгашкан түрмөгө баңгизат киргизүү аракетин токтотуп калышты.
Чүй облусунун ИИБиси билдиргендей, Аламүдүн районунун баңгизатка каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн тергөөчүлөрүнө белгисиз бирөөлөрдүн аракети жөнүндө маалымат түшкөн.
Натыйжада баңгизатты түрмөнүн короосуна киргизүүгө аракет кылган эки жигитти кармашты. Алардын Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. 23 жаштагы Д.Т.дан 1 кг 953 гр. кара куурай, 32 жаштагы С.Н.ден 5 куту гашиш табылган. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ