Menu

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Эшек бизнесин мага жабыштыргандар ичи күйгөн, бактысыз адамдар”

Бөлүшүү:
– Төрөбай мырза, көптөн бери ЖМКларда түштүктөгү эшек бизнеси сизге тиешелүү катары жазылып келет. Ушул боюнча жооп берип койсоңуз болобу?
-Ар бир жамандоого көңүл буруп отура берсең да болбойт экен. Каралоого алган байкуштарга боорум ооруйт. Биринчиден, жалган жалааны таркатышып, чоң күнөө жасап жатышат. Экинчиден, алар бул дүйнөдө түбөлүк жашашпайт да, убагы келгенде Кудайдын алдында абалдары өтө оорлошот…
– Эшек сатып алып, минип көрдүңүз беле?
– Мен өмүрүмдө эшек сатып алган эмесмин, минбейм дагы. Эми актанып, чырылдагандын кажети не? Саясат жолу ушундай турбайбы, жакшы бир жумушту бүтүрсөң, ичи күйүп тызылдагандар четинен көралбай чыгышат экен. Бирөөгө жалган жалаа жабышып, рахаттангандардын жашоосу курусун. Өмүр бою башкалардын жетишкендиктерин көрүшүп, кыйналып жүрүп өтүшөт. Мен андай адамдарды оорукчан катары эсептейм. Байкуштарга боорум ооруйт, кандай гана бактысыздар?!
– Сизге карата мындай «пиарды» кимдер жайылтууда?
– Азырынча биле элекмин, бирок аныгына жетем го. Бир күнү өздөрү эле билдирип коюшат…
Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: