Бишкекте “Форд-Мондео” үлгүсүндөгү машинанын салону күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн, танкы саат 05:30та Бишкектеги Свердлов районундагы Т.Айтматов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд-Мондео” үлгүсүндөгү машинанын салону жана кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. ӨКМнин кызматкерлери айтылган дарекке саат 05:56та барып, тилсиз жоону толугу менен өчүргөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ