Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир “байкуш” болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз “Байкуш аткаминерлер” долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.
Биринчи каарманыбыз Бишкек шаарынын мэри — Албек Ибраимов.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ