“Белгилүү болгондой, 2019-жылы мектепте чогултуп жаткан акчалар боюнча чоң чыр болгон. Натыйжада көп мектептерде акча чогултуу токтотулуп, же болбосо чогулткан ачкага отчет берип, иштер оң жагына бурулду эле. Бирок жаңы жылдан кийин акча чогултуулар кайра башталып жатыптыр” – деди бүгүн, 23-январь күнү ЖКнын кезектеги жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу.
Депутаттын айтымында, чогултулган акчалар балдардын билим алуусуна жумшалбай, кээ бир мектеп директорлору өздөрүнө алгандыктан, ата-энелердин нааразычылыктары жаралып жатат.
Депутат бул маселе боюнча Өкмөт өзүнүн так позициясын айтып коюшун суранды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ