“Бир вице-премьер элдин элеттеги жашоосун эшектин азайганына теңеди, дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай, митингге чыккандарды “чыккынчы” деди, дагы бир өкмөттүн өкүлү “галстугуңар жок” деп мугалимдерди зекиди. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, анда биз галстук сатып берели. Өкмөт элдин кыжырына өзү тийип жатат” – деди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 23-январда ЖКнын кезектеги жыйынында.
“Урматтуу Сооронбай Шарипович, Орусиянын өкмөтү отставкага кетти. Зеленский өз өкмөтүн “көчүккө” тепти, Мирзиеев да өз өкмөтүн кетирди. А биздин өкмөт кутуруп кетти” – деп эл өкүлү президентке кайрылды.
“Жеңиш Разаков элди чыккынчы деп жатат. Баткендеги эл чыккынчы деген соттун чичими барбы?” – деп ачуланды депутат.
Рыскелди Момбеков президентке кайрылып, коопсуздук кеңешинде өкмөттү тартипке салып коюшун, “тизгинин кагып коюусун” өтүндү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ