2019-жылы коррупция боюнча индекстеги 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 126-орунду ээлеген. Бул рейтингди Transparency International эл аралык уюму жыл сайын түзүп келет.
Кыргызстан 100 упайдан 30 упай алган, ошентип Жибути, Украина жана Азербайжан өлкөлөрүнүн катарында болуп калган.
Уюм белгилегендей, кеп рейтингдеги орунда эмес, анткени өлкөлөрдүн саны өзгөрүп турат. Эң башкысы – алган упайы экен.
2018-жылга салыштырмалуу Кыргызстан 132-орундан 126-орунга жылган.
Коррупция жокко эсе өлкөлөр алдыңкы орундарда. 1-орунга Дания менен Жаңы Зеландия татыган (87 упай), андан кийин Финляндия (86 упай), үчүнчү орунда – Сингапур, Швеция жана Швейцария (85 упай). Рейтингдин соңунда Сирия(13 упай), Түштүк Судан (12 упай) жана Сомали (9 упай) турат.
30 упай дагы начар көрсөткүч. Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийиш.
Transparency International мындай рейтингдерди жыл сайын 1995-жылдан берип жүргүзүп келет. Кыргызстан рейтингге 2003-жылы кошулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ