ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жалпы баасы 3 024 000 сомдук “Orbit” маркасындагы сагыз кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош областынын Ноокен районуна караштуу Кок-Жар айлында Ы.Б.А. аттуу КРдин жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшерүүгө алышкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 000 пачка “Orbit” маркасындагы сагыз табылган. Кармаган учурда, айдоочу ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Эксперттин берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 3 024 000 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ