Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Президент колунан келишинче таза иштеп жатат!”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Кыргызстанда адам укугу жогорку деңгээлде корголуп жатабы же эске алынбаган жагдайлар да барбы?

– Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен демократиянын аралчасы, адам укугун коргоодо алдыңкы орундарда турат деген баага татыганбыз. Канчалаган укук коргоочулар кыйын күндө да адам укугу деген тууну бийик көтөрдү. КМШ мамлекеттеринин ичинен Грузия, Армениядан артта калбасак, адам укугу боюнча алдыда келе жатабыз. Бирок, “адам укугу жогорку деңгээлде корголуп жатат”- деп бир жактуу айталбайм. Анткени, адам укугуна байланыштуу көп тармактар бар. Ошентсе да, кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу өз пикирибизди эркин, ачык айкын айта алабыз. Ал турсун пикет, митингге чыкканда ойлорун ачык билдирип, бийликтегилерди катуу сындайбыз. Адам укугун коргоо боюнча бардык талаптарды эске алууга аракет кылабыз. Кыйноо багытында дагы улуттук борбор түзүп, ал иштей баштады. Аталган улуттук борбордун кызматкерлерин УКМКнын имаратына киргизбей, зордук-зомбулук уланып жатса да, аны токтотууга болгон аракеттерин жумшап жатышат.

– “Адам укугун коргоодо бир жактуулук орун алып жатат”- деген пикирдегилер да бар. Буга кандай жооп кайтарасыз?

– Адам укугун коргоодо бир жактуулук орун албаш үчүн Акыйкатчы институту, парламенттин тийиштүү комитеттери татыктуу иштеши керек. Акыйкатчынын докладында айтылган фактыларга чара көрүш керек. Антпесе, кээ бир учурда адам укугу тебеленген учурлар орун алып жатат. Парламент Акыйкатчынын отчётун угарда өтө катуу тапшырмаларды берип, тийешелүү комитеттер Акыйкатчынын ишин көзөмөлдөшү керек. Акыйкатчы да адам укугу тебеленип жаткан учурда Жогорку Кеңешке, президентке, эл аралык уюмдарга чейин коңгуроо кагып турушу керек.

– Бийлик Азимжан Аскаров боюнча Бириккен улуттар уюмунун сунушун эске алышы керекпи?

– Аскаровдун камалышы эл аралык деңгээлде талаш-тартыш болуп жатат. Бул боюнча убагында өзүм да позицияларымды ачык билдиргем. Өмүр бою эркинен ажыратыш керек дегенди туура көрбөгөнүмдү айткам. Ден соолугунун начарлашы, карылыгы, кылган күнөөсүнүн деңгээлине жараша чечим кабыл алышса болмок. Анткени, бул киши милиция кызматкерлерин кыйнап өлтүрөбүз деген демилгечи болбосо да, эки милициянын башын кесип, кыйнап өлтүрүп жатканын көрүп туруп, унчукпай койгон. Тескерисинче, “шыкактаган” деген дооматтар сот тарабынан далилденген. Отунбаеванын убагында укук коргоочулар кайрылган бирок, Роза Исаковна президент катары чара көрө алган эмес. Атамбаевдин убагында Бириккен улуттар уюмунун кайрылуусун Атамбаевдин өкмөтү парламентти бир жактуу сындап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырып койгон. Биз баарыбыз бириккен улуттар уюмуна баш ийебиз. Алардын сунуштарын эске алышыбыз керек. Тилекке каршы, Атамбаевдин доорунда соттор да президенттин сөзүнөн чыга албай, эл аралык мыйзамдарды сыйлабай коюшкан.

Сооронбай Жээнбеков президент болгону Бириккен улуттар уюму тарабынан сунуш келе элек. Андай сунуш болсо, укук коргоочу катары президентке, парламентке, сот тармагына кайрылып, ушул адамга жеңилдик берүү боюнча кайрылат элек. Азыркы бийликти Азимжан Аскаровдун иши боюнча күнөөлөө бир жактуу болуп калат десек болот. Анткени, азыркы бийлик мурдагы бийликтин кабыл алган чечимдерди гана ишке ашырып жатат. Сооронбай Жээнбековдун Аскаровдун сотуна кийлигишкенге акысы жок. Анткени, ал боюнча үч соттун чечими чыгып калган.

– “Азаттык” баштагыдай эле туруктуу позицияда иш алып барып жатабы же булар да калпыстыкка жол бере баштадыбы?

– “Азаттык” радиосу Кыргызстанда сөз эркиндигине, демократиянын өнүгүшүнө, чындыктын, акыйкаттын орношу үчүн эбегейсиз эмгек кылган эл аралык радио болуп эсептелет. “Азаттык” радиосу аркылуу канчалаган адамдар чындыкты айтышат. Тилекке каршы. акыркы мезгилде кээ бир аракеттери эл аралык стандарттан четтеп кетип, бир жактуулукка жол берип келүүдө. Бийликти гана сындап, альтернативдүү пикирлерге орун бербей, түрдүү позициядагы, түрдүү көз караштан кача башташты.

– Коомчулукта президенттин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандар, сындагандар да көп. Президент ишин жөндөй албай жатабы?

– Акыркы мезгилде баш көтөрүп, эки буту басып, кулагы уккандардын баары президентти, бийликти сындаганды адатка айландырышты. Эл арасында “президент досун сатып кетти. Досун саткан адам жакшылык көрөбү? Ал кишинин аркасы менен шайланган”- деген пикирлер арбын айтыла баштады. Мен Жээнбековду жактайын дегенден алысмын. Бирок, мен да көргөн билгенимди айтышым керек, Жээнбеков Атамбаевди колунан келишинче күттү. Үч жолу чакыруу берди. Министрдин орун басары да суракка чакырып өзү барды. Келген жок. Үч ай бою Кой-Ташта жатып алып, “Кой-Таш демократиялык мамлекетин түзөбүз” деп чыкты. Ага да чыдады. “Атамбаевди камаш керек. Баш аламандыкка жол бербеш керек”-деп кайрылгандар болду. Жээнбеков баарын көтөрдү. Ал турсун Путинге барып келишине да мүмкүнчүлүк берди. Жээнбековдун токтоолугунан Канттагы авиа базадан эле камакка алган жок. Мылтык атып, таш менен урганда гана айла жок камады. Аны камабаса Кыргызстанда башаламандык болуп кетмек. “Башкаларды камайсың, неге досуңду камай албайсың?”-деп чыгышмак.

– Бирок, “кудасын, туугандарын кызматка тартып жатат”деген да пикирлер эл арасында айтылып жатат го…

– Президент кудасын, туугандарын алып келип алды деген көз караштар, пикирлер бар. Бирок, мен буга толук кошула албайм. Бийликтин структурасын карасак комитеттин төрагаларынын, министрлердин саны боюнча биринчи орунда Нарын облусу турат. Экинчи орунда Ош облусу. Үчүнчү орунда Жалал-Абад, төртүнчү орунда Чүй, анан башка облустар турат экен. “Оштуктар каптап кетти”- деген бир жактуулук. Бул сөз азыркы бийликти сындап, аргасы жоктордун чыгарган сөзү десек болот.

Чынында президент колунан келишинче таза иштеп жатат. Айылдарда таза суу чыга баштады. Завод фабрикалар ачылып, эл аз болсо да жумуш менен камсыз боло баштады. Министрлер кызматтан кетсе, министрди башка жактан алып келбей орун басарын министр кыла баштады. Маданиятты көтөрөйүн деп, филармонияга бара баштады. Бир гана саясий, экономикалык реформаны гана кечеңдетип жатат. Сыягы, президенттин бир билгени бар окшойт. Бул тармакка катуу киришпегенине караганда.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: