Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Былтыйып олтурасыңар!” деп Башкы прокурор менен Жогорку сотту урушту

Бөлүшүү:

Президент 24-январда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында Мамкаттоонун качып кеткен кызматкери Алмаматов боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып: “Силерге кооррупционерди кармап беришкен, а силер аны кое берип олтурсыңар”, – деди.

Эскерте кетсек, 2019-жылы мартта сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Июлда шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, 3,3 млн сом айып пул салып, Алмаматовду сот залынан эле бошоткону октябрда белгилүү болгон.Көп узабай Алмаматовго издөө жарыяланды.

“Ушунчалык резонанс жараткан иш. А силердин мамилеңер кандай? Аны камакк алуу үчүн бир нече ай антикоррупциялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Аны бошоткон сотко карата эмнеге чара көрбөйсүңөр? Ага жол берген прокурорду эмнеге кызматтан албайсыңар? Сот эмнеге иштеп жатат?”, -деп президент ачууланды.

Президент прокурордун артында бирөө бар экенин, “ошондуктан кызматтан кетире албай жатышканын” божомолдоду.

Эмнеге дисципрлина боюнча комиссия Алмаматовдун күнөөсү 100 пайыз экенин көрүп туруп чечим чыгарган сотко чара көрбөйт? Эч нерсе болбогондой. Мен жасап, анан мага таш ыргытып жаткандай болуп жатат. Эмнеге былтыйып олтурасыңар? Ушундан элдин бийликке болгон ишеними аныкталат! Бул эмне деген акмакчылык!” – деп президент дашы бир жолу ачууланды.

Мамлекет башчысы Башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымы милдеттерин аткарбай жатканын айтты:

“Бул силерге эл берген мамлекеттик кызмат. Силер кармалган коррупционерди бошотуп жатсаңар, анан коррупция менен кантип күрөшөсүңөр? Жарандык коом нааразы болуп жатат, а силер отурасыңар!” – деди президент.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: