Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жашы күтүлөт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөн зонасында, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык зонасында жана Баткен облусунда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +22… +27,
Таласта түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +22…+27,
Баткенде түнкүсүн: +12… +17, күндүз: +27…+32,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +27…+32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +19… +24,
Нарында түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +11…+13, күндүз: +25…+27.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ