Menu

Сооронбай Жээнбеков ӨЭКМК төрагасы Эмил Осмонбетовго: “Иштебей, атайылап созуп, ачыктан ачык эле саботаж кылып жатасыңар”

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин чечимдерди аткаруу максатында “Кен байлыктар” жөнүндө мыйзамга өзргөртүүлөр киргизилип, “Таш көмүр жөнүндө”, “Мунайзат жана газ жөнүндө” мыйзамдардын жаңы редакциясы иштелип чыккан. Бул тууралуу өлкө башчысы 24-январда Коопсуздук кеңешинде айтты.

“Экологиялык коопсуздук эске алынып, уран менен торийди иштетүүгө мораторий жарыяланган. Бирок коопсуздук кеңешинин чечимдери боюнча иш-чараларды создуктуруп, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкызматынын (ӨЭКМК) иши жалпысынан канааттандырарлык эмес”, – деди президент. Өз мөөнөтүндө аткарбоо же ал мөөнөттөрдү бузуу менен аткаруу иш-чаралары 53% түзгөнүн белгиледи.

“Кээ бирлери 10 айга чейин созулуп кетип жатат, аларды аткаруу мөөнөттөрү бузулуп жатат. Эмгектин натыйжасы ушулбу? Менимче, бул ачыктан ачык эле саботаж кылуу. ӨЭКМК  жасап жаткандай түр көрсөтүп, бул маселеге колучунан мамиле кылып жатасыңар. Эмил Кубатович, өткөн жыйындын жыйынтыгы боюнча статс-катчы менен сиздин орун басарларыңыздар ээлеген кызматынан кетирилген”, – деди өлкө башчысы КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго кайрылып.

“Коосуздук кеңешинин жыйыны болгонуна бир жылдай болуп калды. Түзүлгөн кырдаалды оңдогонго жетиштүү убакыт берилген. Бирок оң жакка өзгөрүүлөр көрүнбөй жатат. Абал мурдагыдай тас кейпинде”, – деди президент.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: