Кээ бир мамлекеттик органдар атамекендик жана чет элдик бизнестин өнүгүү жолуна ар кандай тоскоолдук жаратканын улантып келет. Бул тууралуу 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
Ал 2019-жылдын аягында коррупцияга боюнча Мамэкотехинспекциянын 6 кызматкери шектүү катары кармалганын эскертти.
“Алардын арасында жетекчиликтен бирөө болуптур. Алар ишкерлерден, жарандарыбыздан ири суммадагы пара сурашкан. Маалыматка ылайык, ишкерлерден мындай пара талап кылуу системага айланып, инспекциянын бүткүл башкармалыгы малынып калган. Кармалгандар жетекчи менен бир имаратта, бир кабатта иштешкен”, – деди өлкө башчысы.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 11-декабрында аталган инспекциянын башкармалыгын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. 2 миң доллар пара менен кармалышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ