Menu

Президентти “Соорпонбай” деп жазган «Азаттыктын» кат-сабаттуулугу эмнеге мынча төмөндөп кетти?

Бөлүшүү:

Facebook социалдык тармагындагы  «Трибуна» аттуу аккаунт «Азаттык» радиосундагы техникалык каталарга нааразы болуп, төмөндөгүдөй пост жазган:

«Азаттык» радиосу – бул АКШ Мамдепи каржылаган, эл аралык журналистиканын стандарттары менен иш алып бара турган маалымат каражаты болуп саналат. Негизи башында дал ошол тартипте иштөөчү. Бирок, акыркы бир нече жылдардан бери карай ал принциптеринен тайып, маалыматтарды бир тараптуу берип, кайсы бир саясий күчтөрдүн колундагы куралга айланып калышканы коомчулукка белгилүү болуп калды. «Азаттыктын» маалыматты так жана акыйкат бербей калганы тууралуу көп эле маалымат каражаттары жазып жатышат. Бул эми өзүнчө кеп.

Биздин белгилегибиз келип жаткан жагдайы башкада. «Азаттык» радиосунун интернет-сайтын ачып окусаңыз ар бир маалыматынан жок эле дегенде 3-4төн ката таап аласыз. Жадакалса, мында иштеген кабарчылар мамлекет башчысынын аты-жөнүн да катасы жок жаза алышпайт экен. Муну биз төмөндө көрсөткөн сүрөттөн көрө аласыз.

Андагы макалалардын биринде «2019-жылдын 30-декабрынан 2020-жылдын 5-декабрына чейинки окуяларга кыскача сереп» деп жазылып турат. Ушул күнгө чейин оңдоп коюуну да ойлошкон жок. Же «азаттыкчылар» көздөрү ачылып, 2020-жылдын 5-декабрына чейинки окуяларды алдын-ала эле көрүп коюштубу?
«Ошондон кийин» дегенди «ошондон кийийн», «маанилүү» дегенди «маанилүүю» деп шашып-бушуп жазышып, анан аны бир сыйра текшерип койгондон эринип эле сайтка жүктөй беришкен. Мындай каталар толтура. Балким, «азаттыкчылар» «1-2 тамгадан эмне болмок эле, ошону көрө калдыңарбы?» деп актангылары келет болушу керек.

Анда төмөндөгү сүйлөмдүн түзүлүшүн карап көрөлү: «Ошол эле кезде медиа эксперт Азим Азимов Кыргызстандагы бул маселени чечиш үчүн оңойго турбайт деген пикирде». Эмне оңойго турбайт деген пикирде? Ушинтип дагы сүйлөм түзөбү? Же анын автору мектепти эшиктен аяктаганбы?

Айтор, мына ушул өңдүү каталар «Азаттыктын» сайтында жайнайт. Эгерде аты-жыты белгисиз жайнаган сайттардын бири болсо да түшүнөт элек, эптеп иштеп жатышат да деп. Ал эми «Азаттыктын» каржылоо булагы өтө күчтүү эмеспи? Ошого жараша кат-сабаттары толук жоюлган журналисттерди катарларына алуулары зарыл болчу. Жалаң акчанын артынан кубалап жүрүшүп, минтип кадыр-барктуу ММКнын кадырын кетирип бүтүштү”.

Булак: “Трибуна”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: