Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДП лидери: “Дастан Жумабеков өзү сабатсыз, жардамчылары андан да сабатсыз, анан ошолор дайындаган кагазды окуп жатат да”

Бөлүшүү:

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, чек ара, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы, Өмүрбек Текебаев, Карамушкина, Кодуранова, Турдукулов, Асылбек Жээнбеков, Темир Сариев, Атамбаевдин “кол балдары” жана спикерлер  жөнүндө айтып берген.

“Саясатчылар кетпей, жаштарга орун бербей келатышат”,- деген кептер бар десек, жаштардын тажрыйбасы жок, адис эмес, сабатсыз болгондуктан Кыргызстандын кейпи ушундай болуп калганын баса белгилеп, учурдагы спикерди мисалга алды. “Мына, спикер Дастан Жумабековго жаштар сабатсыз кагаздарды дайындап берген үчүн ал ошону окуп жатат. Биринчиден, Дастан өзү сабатсыз”,-дейт С.Абдырахманов.

С.Абдырахмановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Ал эми Дастан Жумабековду 2017-жылы спикерликке экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келген. Ошондон бери ал сабатсыздыгын көрсөтүп келатат. Бул ачуу чындык. Премьер-министр М.Абылгазиевге кайрылуу кат жазганда толтура катасы чыгып, коомчулукка шылдың болгон. Андан кийин эки жолу “Франкфурт-на-Майне” шаарын туура айта албай кепке калган. Андан жуктубу, ким билсин, кечээ эле анын орун басары, вице-спикер Мирлан Бакиров ушул шаарды туура эмес айтып, ал дагы кепке калды. Ал эле эмес, “Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды Памирге бир жумага жөнөтүш керек“,-деп коомчулуктун тепкисине да калды. Бүгүн, анын соцтармакка жазганынын толтура катасын коомчулук таап чыгып, шылдыңдап жатышат. Бул факт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: