КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов интервью берип жатып, КСДП мүчөсү Адил Турдукулов боюнча суроого андан ал 500 доллар акча сураганын айткан.
Бир жактуу болуп калбасын деп биз Адил Турдукуловго бул боюнча кайрылсак, ал анын айткандарын четке кагып, андан эч качан акча сурабаганын айтты. “Мен ал кишинин айткандарын окудум, анын баары калп, жалган. Ал кишиден мен эч качан акча сураган эмесмин жана сурабайм дагы. Тескерисинче, мен аны президенттик шайлоодо колдоп, иштеп бергем. Бул биринчиден. Экинчиден, минтип жалган айтып жатканын себеби, мен ал кишини бийлик башкарып жатканын байма-бай айтып жатам. Ошондон улам, ал эмне кылаарын билбей, “акча алган” деп ойлоп таап жатат. 60 жаштагы киши, аксакал башы менен ушинтип карандай калп айтып жатканы уят иш. Бул өзүнө да аброй алып келбейт”,-дейт А.Турдукулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ