Menu

Ташкентте көмүскө иштеген үч диний мектеп жабылды

Бөлүшүү:

Ташкентте жаза катары окуучуларын сабап, атайлап ачка кармаган көмүскө иштеген үч диний мектептин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Yoshlar телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө диний мектептер Ташкенттеги үч үйдө ачылганы белгилүү болгон. Алардын биринде 17, экинчисинде 11 жана үчүнчүсүндө төрт жашы жете элек бала билим алып келген.

Телеканалдын репортажында мектептерде таяктар, бычактар жана пневматикалык куралдар табылган белгиленген. Мындан тышкары мектептин ээлеринин телефондорунда диний-экстремисттик агымдар менен террордук уюмдардын жетекчилеринин жихадга чакырган аудио жана видеотасмалары болгон.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз иштеген диний мектептерди ачкан адамдарды жоопко тартуу маселеси каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: