Menu

Бишкек шаарына биринчи мугалим- Дүйшөндүн айкели тургузулат

Бөлүшүү:

“Биринчи мугалим – Дүйшөндүн” эстелигин тургузуу демилгеленүүдө, деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Бул тууралуу маселе, кечээ, 22-майда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында  каралды. Айкел Билим берүү жана илим министрлигинин алдына коюлат. Бул багытта маалымат берген демилгечи депутат Рыскелди Момбеков,- “Эстелик залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата орнотулат. Демилгеге негиз берген тарап – Билим берүү жана илим министрлиги. Мисалы, ИИМ Академиясынын алдында Э.Алиевдин, КУУнун алдында Ж.Баласагындын эстеликтери турат. Ошол сыяктуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдында да оргиналдуу эстелик тургузулса жакшы болмок”,- деп билдирди.

Депутат Жанар Акаев Кыргыз мамлекетинде эстеликтер бири-бирине окшош экенин белгиледи.  Чет өлкөлөрдө ар бир айкелдин өзгөчөлүгү бар үчүн ошол эстеликтердин жанында сүрөткө түшкөн кишилер көп,- дейт депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков чыгармада эмес, кадимки жашоодо жашап өткөн Дүйшөндүн сүрөтү бар экенин, эстелик ошонун негизинде жасаларын айтып, атайын сынакка келип түшкөн эмгектердин ичинен эстеликтин эскизи тандалаарын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: