28-29-январь күндөрү Кытайдан 42 адам келген. Анын ичинен 24 – кыргызстандыктар, 18 – Кытайдын жарандары. Бул тууралуу Саламаттыкты сакоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, келген адамдардын бардыгы медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Коронавирус илдетине чалдыккандар болгон эмес. Москва райондук ооруканасында 6 адам, Сокулуктагы ооруканада 3 адам жаткырылган. Алардын абалы туруктуу. Ал эми калган 33 адам турган жашаган жериндеги дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.
Ошондой эле Ысык-Атадагы дарыланып жаткан 6 студент оорукадан чыгып, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Алар жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө.
30-январга карата санитардык-карантиндик көзөмөл пункттарында 14 445 адам текшерүүдө өткөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ