Menu

КР ТИМ Башчысы Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-январь күнү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын кайра дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализодадан Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков элчи Н.Ализоданы Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана мындан аркы жемиштүү иштерине ийгиликтерди каалады.
Тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгилешти.

Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстерине, ошондой эле 2020-жылга белгиленген иш-чараларга өзгөчө көӊүл бурулду.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: