АКШ бийлиги Кыргызстандын, Эритериянын, Мьянманын, Нигериянын, Судандын жана Танзаниянын жарандары үчүн иммиграциялык жана «Грин-кард» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Буга чейин АКШ бийлиги 7 өлкөнүн жарандары үчүн визанын кээ бир түрлөрүнө чектөө киргизүүнү пландап жаткан. Бирок, учурдагы тизмеге 7-өлкө болуп Белоруссия кирген эмес.
Бул чектөөлөр АКШ менен иштеген ишкерлерге жана туристтерге эч кандай таасир тийгизбейт. Бир гана иммиграцияга жол жабылат.
АКШнын ички коопсуздук министринин милдетин аткаруучу Чед Рульфтун айтымына караганда, жогоруда аталган өлкөлөр АКШнын коопсуздук стандарттарына жооп бере алган эмес. Мындан улам визага чектөө киргизилген.
“Аталган өлкөлөр ар кандай себептерден улам биз койгон минималдуу талаптарды да аткара алышкан жок” – деп билдирген Рульф.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ