Menu

Видео – АКШнын Кыргызстандагы элчиси эмне себептен визага чектөөлөр киргизилгенин түшүндүрдү

Бөлүшүү:

31-январда Америка Кошмо Штаттары Кыргыз иммигранттарын келүүсүн токтотууга алып келүүчү иммиграциялык жана «Грин-кард» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди.

Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Ду билдирүү таратты.

Төмөндө элчинин билдирүүсүнүн толук тексти:

Бул виза берүүгө толук тыюу салуу эмес. Биз визаларды туристтерге, ишкерлерге, жумушчуларга жана студенттерге берүүнү улантмакчыбыз. Экинчиден, бул чектөөлөрдүн негизинде биз бир дагы визаны жокко чыгарган жокпуз. Эгерде сиздин колуңузда виза бар болсо, анда сиз АКШга жөнөсөңүз болот. 

Вашингтон визалардын эки категориясын берүүнү убактылуу токтотууну чечти: – иммигранттар үчүн жана бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстандын (грин-карт) виза лотореясынын катышуучулары үчүн. 

Эмнеге, жана мындан ары эмне болоорун түшүндүрүп берүүгө уруксат этиңиздер.

Сиздердин өкмөтүңүздөр менен бир кыйла убакыттан бери кыргыз паспортторунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Бул чечимди Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деген үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүгө көз салып турат жана бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм.

Эгерде сиздерде иммиграциялык визалар жана (грин-карт) виза лотореясы тууралуу суроолор болсо, биздин Facebook live чаттагы баарлашуубузга катышыңыздар. Анда биздин визалык адистерибиз суроолоруңуздарга жооп беришет. 

Мен сиздерди ишендиргим келет, биз бул маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан менен биргеликте иш алып барабы жана АКШга барууга пландап жаткан кыргыз жарандарынаболгон жардамыбызды аябай кымат көрсөтүүнү улантмакчыбыз. 

https://www.facebook.com/usembassy.bishkek/videos/174678216933437/

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: