Нарын шаарында жолго чуркап чыккан 10 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Нарын ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы кечээ күнү болгон. Окуучу кыз райондук ооруканага жеткирилген, тилекке каршы алган жаракатынан улам каза болгон.
Унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган У.М. аттуу жаран экенин жерине барган милиция кыматкерлери аныкташкан. Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Жол кырсыгы видеокамерага түшүп калган. Видеодон көрүнгөндөй, окуучу кыз маршруткадан түшүп, жолдон чуркап өтүүгө аракеттенген. Кыз жолго чуркап чыга калганда, катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа токтоно албай, аны сүзүп кеткен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ