25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +20… +25
Таласта түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +20…+25,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +25…+30,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +25…+30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз: +23…+25.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ